Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:38

Бишкектен Москвага бараткан кичи автобус кырсыкка кабылды


Бишкектен Москваны көздөй жүргүнчү ташып бараткан кичи автобус Челябинск облусунда кырсыкка кабылып, үч адам мерт кеткенин Орусиянын интернет басылмалары кабарлашты.

Gazeta.ru cайты расмий органдардын маалыматына таянып кабарлагандай, дагы үч адам аркыл жараат алып, ооруканага түштү.

Окуя 13-августта болгон. Алдын-ала маалыматтарга караганда, Кыргызстандан бараткан Mersedes үлгүсүндөгү автобустун тормозу иштебей калып, жеңил унаа менен кагылышкан. Каза тапкандардын баары жеңил унаада бараткандар. (SE)

XS
SM
MD
LG