Улуттук статистика комитети Кыргызстандын калкынын саны июль айына карата 5 миллион 955 миң адамды түзгөнүн жарыялады. Адам санынын өсүшү боюнча эң жогорку көрсөткүч Ош, Баткен облустарына жана Бишкек шаарына таандык. Ал эми Нарын менен Ысык-Көл облусунда көрсөткүч салыштырмалуу төмөн. Серепчилер жыл аягына чейин кыргызстандыктар 6 миллионго жетет деп божомолдоп жатышат.
Жыл башынан бери өлкө аймагында 78 600 бала төрөлсө, 17 400 адам жашоо менен кош айтышты. (SE)