Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:07

ИИМ “Керемет-Суудагы” окуя боюнча түшүндүрмө берди


Ички иштер министри Мелис Турганбаев Ысык-Көлдөгү “Керемет-Суу” пансионатында болгон каргаша тууралуу түшүндүрмө берди. Бүгүн өкмөт жыйынында жасаган баяндамасына ылайык, 13-август күнкү жаңжал жергиликтүү тургун, 29 жаштагы Мырзажалил Тажиев менен эс алуу жайынын ээси Ишенбек Ашыровдун ортосунда чыккан.

Тажиев достору менен эс алууга келген учурда Ашыров алардан пансионатка акча төлөөнү сураган, беркилер бербей койгон. Ортодо мушташ чыгып, пансионат ээсинин жигиттеринин бири Тажиевди таш менен коюп жиберген. Ал ооруканада каза тапкан. Милиция Ишенбек Ашыров баш болгон беш кишини кармаган.

Окуядан улам эс алуу жайы жайгашкан Чоң-Өрүктү айылынын тургундары топтолуп, пансионаттын эс алуучу комплекстери менен кожоюндун үйүн өрттөп салган.

Облустук милиция маркум 25 жашта экенин билдирген эле. (SE)

XS
SM
MD
LG