Түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Башка аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9, Ысык-Көл аймагында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10...15, күндүз 25...30,
Талас жергесинде түнкүсүн 5...10, күндүз 23...28,
Баткен облусунда түнкүсүн 12...17, күндүз 27...32,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 12...17, күндүз 28...33,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 6...11, күндүз 17...22,
Нарында түнкүсүн 3...8, күндүз 21...26,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...+2, күндүз 6...11,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -3...+2, күндүз ысык 17...22 градуска жетет.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн 12…14, күндүз 27…29 градус жылуу болот.