Түркиянын премьер-министри Ахмет Давутоглу башкы оппозициялык партия менен коалиция түзүү боюнча сүйлөшүүлөр ишке ашпай калганын жана кезексиз парламенттик шайлоо өткөрүү ыктымалдыгы жогору экендигин айтты.
“Мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү ыктымалдыгы абдан жогору, мен бул жалгыз жол деп айтаар элем. Коалициялык өкмөт түзүү боюнча сүйлөшүүлөр ишке ашкан жок. Эң башкысы азыр тынчтык шартта мыйзамдуу жана демократиялык шайлоо өткөрүү” деди Адилеттик жана өнүгүү партиясынын лидери, премьер-министр Ахмет Давутоглу 13-августта оппозициялык Республикалык элдик партиянын лидери Кемал Киликдароглу менен Анкарада жолуккандан кийин.
Коалициялык өкмөттү түзүүнүн акыркы мөөнөтү келерки жумада аяктайт.
Кемал Киликдароглунун айтымында, Ахмет Давутоглу убактылуу өкмөт же азчылык өкмөт түзүүнү сунуштаган. Кемал Киликдароглу кезексиз шайлоо өткөрүү жалгыз гана жол деп айтуу туура эмес деп эсептейт.
7-июндагы шайлоодо башкаруучу Адилеттик жана өнүгүү партиясы парламентте көпчүлүктү жоготкон. Бул 2002-жылдан бери биринчи жолу болуп отурат.
Азыркы Түркиядагы саясий кризис Анкара Сириядагы “Ислам мамлекети” уюмунун жана Ирактын түндүгүндөгү Күртстан жумушчу партиясынын согушкерлерине аба соккуларын жасап жаткан учурда болууда.