Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:49

Кыргызстан Тажикстанга гумжардам жеткирди


Тажикстандын Мургаб жана Шугнан райондорунда селден жабыркаган жарандарга кыргыз өкмөтү 25 жүк ташуучу унаа менен гуманитардык жардам жеткирди. Анда 3,3 млн. сомго эсептелган курулуш материалдары, жылуу кийимдер жана азык-түлүк бар.

ӨКМ кабарлагандай, автоунаалар Ош – Гүлчө – Сары-Таш – Кызыл-Арт – Кара-Көл – Мургаб – Жыланды маршруту менен барды.

Тажикстан менен Кыргызстан чектешкен Памирдин Мургаб, Шугнан райондорунда аба ырайынын кескин ысышынан улам августтун башында дарыялар нугунан ашып, сел жүргөн. Мындан бир канча үйлөр зыян тартып, чукул кырдаал жаралган. (SE)

XS
SM
MD
LG