Кытайдын тергөөчүлөрү 12-августта Тяньцзинь портунда болгон жарылуунун себебин иликтешүүдө. Жарылуу болгон кампа “коркунучтуу жана химиялык заттарды” сактоо үчүн колдонулуп келген. Укук коргоо органдарынын билдиришинче, жарылуу болгон учурда кампада аммоний нитраты, калий нитраты жана калий карбиди болгон.
Бул кырсык кеминде 50 адамдын, анын ичинде ондон ашык өрт өчүрүүчүлөрдүн өмүрүн алды.
Андан тышкары 700дөй адам жаркат калды, алардын ичинен 71и оор абалда. Куткаруучулар 14-августта урандылардын арасынан дагы бир тирүү кишини таап чыгышты.
Борбор Бээжинден 120 чакырымдай түштүк-чыгышта жайгашкан Тяньцзинь шаарында 15 миллиондой киши жашайт. Ал эми шаардагы порт дүйнөдөгү эң ири он порттун катарына кирет.