Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:30

ӨЭК “Туран” кошуунуна кыргызстандыктар да киргенин билдирди


Оппозициялык саналган Өзбекстан элдик кыймылынын сайты түрк тилдүү элдердин “Туран” деп аталган армиясы түзүлүп, анын курамына кыргызстандыктар да киргени тууралуу кабар таратты. Кыймылдын сайтындагы “Түрк элдеринин кошуундары биригүүдө” деген баш тема менен жазылган маалыматка ылайык, “Турандын” курамында Түркия, Азербайжан жана Кыргызстандын ыктыярчы жоокерлери бар.

Кабарда “Туран” кошууну НАТО сыяктуу иш алып барары, азыр 2 миллион 800 жоокери бар экени, негизинен мусулмандар жашаган өлкөлөрдү коргоого алышары жазылган.

Бирок кайсы жерде, кандайча даярдыктан өтөрү, ким каржылай турганы тууралуу сөз айтылган эмес.

Кыргызстан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бул боюнча комментарий бере элек. (SE)

XS
SM
MD
LG