Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:16

“Алга” “Шейх Жамал” менен беттешет

Ушул күндөрү Бишкекте өтүп жаткан Азиянын футбол конфедерациясынын кубогуна тандоо оюндарында Бангладештин “Шейх Жамал” клубу Макаонун “Каса Бенфика” клубун 4:1 эсебинде утуп алды. Оюн 13-августта Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөнүн мелдештин расмий сайты кабарлады.

2016-жылы боло турган Азиянын футбол конфедерациясынын “В” тайпасындагы квалификациялык оюндарында Бишкектин “Алга” клубу да намыс талашууда.

“Алга” 11-августта Макаонун “Каса Бенфика” клубун 2:0 эсебинде уткан. 15-августта “Шейх Жамал” менен беттешет. Мелдеш кечки саат 18:00 башталат. Кирүү акысыз. (ECh)

​
XS
SM
MD
LG