Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:47

АКШ Лейла жана Ариф Юнуска чыккан өкүмгө кабатырлануусун билдирди


Укук коргоочу жубайлар
Укук коргоочу жубайлар

Вашингтон Азербайжан сотунун укук коргоочулар – Лейла менен Ариф Юнусту абакка кескен өкүмүнө кабатырлануусун билдирди.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин билдирүүсүндө коюлган айып Лейла менен Ариф Юнустун түздөн-түз укук кооргоочулук ишине, аймактагы чыңалууну басуу жана ишенимди бекемдөө программаларына катышканына байланыштуу болгон деп айтылат. АКШ сот жараянында мыйзам бузуу болгонуна, укук коргоочу жубайлардын саламаттыгына да кабатырлануусун билдирип, Баку бийлигин аларды үй-бүлөлүк шартына байланыштуу абактан бошотууга чакырган.

13-августта Азербайжан соту укук коргоочу Лейла Юнусту сегиз жылга, анын жолдошу 60 жаштагы тарыхчы Ариф Юнусту жети жылга кести. Алар “чыккынчылык кылган, алдамчылыкка барган, салыктан качкан" деп айыпталууда. Бирок укук коргоочулар коюлган айыптар саясий өңүттө деп, аларды четке кагып келишет.

XS
SM
MD
LG