Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:30

Орусияда аскер генералы соттолду


Владимир Чиркин
Владимир Чиркин

Орусиянын кургактагы аскеринин мурдагы кол башчысы Владимир Чиркин “кызмат учурунда пара алган” деген айып менен беш жылга соттолду. Москванын аскердик сотунун өкүмү бүгүн чыкты. Сот Чиркинди 2008-жылы отставкадагы офицерге үй алып берүү үчүн 450 миң рубль пара алганы үчүн айыптуу деп тапты. Ал кезде Чиркин Москва аскердик округунун башчысынын орун басары болгон. 2012-2013-жылдары болсо, Орусиянын кургактагы аскерлеринин кол башчысы кызматын аркалаган.

XS
SM
MD
LG