Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:10

Украинанын чыгышында уруш уланууда


Чыгыш Украина, Донецк облусу
Чыгыш Украина, Донецк облусу

Украинанын чыгышында өкмөттүк аскерлер менен орусиячыл жикчилдердин ортосунда атышуулар уланып жатат. Өкмөттүк күчтөрдүн маалыматына караганда, акыркы суткада бир жоокер каза таап, алтоо жаракат алган.

Ал эми жикчилдердин лидери Эдуард Басурин Горловкада бир карапайым тургун набыт кеткенин айтууда.

Акыркы уруштар Мариполь порту менен Донецкти байланыштырган стратегиялык жол үчүн болуп жатканы айтылууда. Ал жолдун көпчүлүк бөлүгүн азыр өкмөттүк күчтөр көзөмөлдөйт.

Бул жумада украин аскерлери февралдагы Минск келишиминен берки эң көп аткылоого кабылышты.

XS
SM
MD
LG