Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:28

Бишкекте таштанды арасынан адамдын сөөгү табылды


Бишкекте милиция таштанды арасынан адамдын сөөгү табылган окуяга байланыштуу издөө жүргүзүүдө. Шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан бүгүн "Азаттыкка" кабарлашкандай, жума күнү эртең менен 5-кичи райондогу №72 үйдүн жанындагы таштанды салынчу челектин ичинен эркек кишинин кесилген буттары жана колдору табылган.

Кылмыш кодексинин 97-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иш козголуп, тергөө тобуна Октябрь райондук жана Бишкек шаардык ички иштер башкармалыктарынын күчтүү адистери кирди.

Милициянын айтымында, окуянын себептери тууралуу азырынча эч нерсе белгисиз, кылмышка шектүү (-лөр) кармала элек. (RK)

XS
SM
MD
LG