Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:11

Нарын: Өкмөт башчы ГЭС курула турган айылдын тургундары менен жолукту


Нарында Жогорку Нарын ГЭСтер каскады курула турган Кайыңды айылынын тургундары өкмөт башчы Темир Сариев менен жолукту. Онго жакын жергиликтүү тургун чогулуп, бүгүн бул айылга барган премьер-министрге көйгөйүн айтты.

Премьер-министрдин маалымат катчысы Бакыт Асанов Темир Сариев жергиликтүү тургундардын үлүш жер маселесин 15-сентябрга чейин чечип берүү талабын тиешелүү мекеме жетекчилеринин алдына койгонун билдирди. Асановдун "Азаттыкка" кабарлаганына караганда, кайыңдылыктар ГЭС курула турган аймакка тартылган таза сууга аларды да туташтыруу, курулуш иштерине жергиликтүү тургундарды да тартып, жумуш орундары менен камсыз кылуу талабын коюшту. Өкмөт башчы суу маселесин бийлик өзүнө аларын, ал эми жумушчу орундары боюнча инвесторго тапшырма берилерин айтты.

- Жогорку Нарын ГЭСтер каскады - мамлекеттин кубаттуулугун, энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуучу маанилүү долбоор. Аны ишке ашырууда өкмөт элдин кызыкчылыгын коргойт, бирок жергиликтүү элден да колдоо күтөт, - деди Сариев.

Орусия каржылаган бул долбоор боюнча ГЭСтер каскадын курууга кыргыз тарап Нарындан 3030 гектар жер бөлүп бериши керек. Бирок чегерилген аймактын 365 гектары - жергиликтүү тургундардын үлүш жерлери. Анын орду кандайча толтурулары чечиле элек. Азырынча башка жерден жер бөлүп берүү же компенсация төлөө жолдору каралып жатат. (MiK)​

XS
SM
MD
LG