Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:35

Ирак өкмөтүнүн жемкорлукка каршы реформасы элдин колдоосуна ээ болууда


Иракта миңдеген жарандар көчөгө чыгып, премьер-министр Хайдар ал-Абадинин коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү боюнча реформасына колдоо көрсөтүштү. 11-августта өлкө парламенти анын реформалар топтомун бир добуштан колдоп берген болчу.

Абадинин коррупция деңгээлин азайтуу жана акчаны сарамжал пайдалануу сунушу Иракта жемкорлук күчөп, бийликтин ишине нааразылык катуу болуп турган учурга туш келди.

Сунушталган реформалар топтомуна ылайык, бир катар мамлекеттик чоң кызматтар жоюлат, кызматтарды диний жана партиялык принциптер боюнча бөлүштүрүү токтотулуп, коррупциялык иликтөөлөр күчөтүлөт. (RK)

XS
SM
MD
LG