Кытайдагы жарылуунун курмандыктарынын саны 85ке жетти, алардын 21 өрт өчүргүчтөр. Жүздөгөн адамдар жараат алды, айрымдардын али күнчө дайыны жок болууда. Бул тууралуу "Синхуа" мамлекеттик агенттиги кабарлады.
12-августта Тянцзин шаарында химикаттар сакталуучу кампада тротил эквивалентинде 21 тоннага жеткен жарылуу болгон. Тартип коргоо органдарынын билдиришинче, кампада аммоний, калий нитраттары жана калий карбиди болгон.
Борбор Бээжинден 120 чакырымдай түштүк-чыгышта жайгашкан Тянцзин шаарында 15 миллиондой киши жашайт. Ал эми шаардагы порт дүйнөдөгү эң ири он порттун катарына кирет. (RK)