Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:49

Абактагы Олег Навальный 15 суткага жазаланды


Орлов облусундагы колонияда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Олег Навальный 15 суткага жазалоо изоляторуна камалды. Анын бир тууганы, оппозиционер Алексей Навальныйдын айтымында, буга сентябрда Москвада митинг өтө турганы тууралуу маалыматтын чыгышы, Новосибирскте жарыяланган ачкачылык жана "Демократиялык коалициянын" шайлоо алдындагы өнөктүгү себеп болууда.

Былтыр декабрь айында Москванын Замоскворецк райондук соту ага-ини Навальныйларды 26 миллион рубл уурдаган деген айып менен соттоп, Алексей Навальныйды шарттуу түрдө 3,5 жылга, Олегди ушундай эле мөөнөткө абакка кескен.

Оппозиционер муну өзүнүн саясий ишмердүүлүгүнө байланыштуу бийликтин кысымы деп атап келет. (RK)

XS
SM
MD
LG