Ооганстандын Бадахшан провинциясында "Талибан" кыймылынын согушкерлери полициячы аялды күйөөсү менен кошо балдарынын көзүнчө мууздап кетишти. Жубайлардын 9 баласы жетим калды. Расмий бийликтин маалыматына караганда, учурда окуя болгон Шохадо аймагындагы 60ка жакын кыштак талибдердин көзөмөлүндө турат.
Кечээтен бери коңшу Тагоб аймагында күч кызматтары менен согушкерлер ортосунда салгылашуу жүрүүдө. Полициянын айтымында, талибдер жергиликтүү бейтапкананы жана бир нече автоунааны өрттөп салышты.(RK)