Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:43

Шайлоо-2015: Мелис Мырзакматов "Ата-Мекендин" тизмесинде үчүнчү


Ош шаарынын мурдагы мэри, азыр эл аралык издөөдө жүргөн Мелис Мырзакматов "Ата-Мекен" партиясынан быйылкы парламенттик шайлоого аттана тургандар тизмесинен үчүнчү орунга илинди. Лидер Өмүрбек Текебаев биринчи орунда. Тизмеде экинчи Садык Шер-Нияз, төртүнчү Аида Салянова. Андан кийинки орундарда Наталья Никитенко, Жоомарт Оторбаев, Жоомарт Сапарбаев, Бахадыр Сулайманов, Сайдулла Нышанов жана Алманбет Шыкмаматов.

Мырзакматов мэр болуп турганда мамлекеттин чөнтөгүнө кол салган деген айып менен өткөн айда Ош шаардык сотунун өкүмү менен сыртынан жети жылга кесилген. Өзү азыр Кыргызстанда жок. Козголгон кылмыш ишти ал бийликтин куугунтугу деп атап келет.

"Ата-Мекендин" тизмесинде ошондой эле жарандарды биометрикалык каттоого алуу мыйзамсыз деп айтканы үчүн иштен алынган судья Клара Сооронкулова менен катар Каныбек Иманалиев, Ташболот Балтабаев, Талант Узакбаев, Болот Шер, Шайлообек Атазов жана башкалар бар. (RK)

XS
SM
MD
LG