Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:00

Украинанын чыгышында жикчилердин чабуулу күчөдү


Украинанын чыгышында соңку алты айдан бери орусиячыл жикчилердин кол салуусу кайра күчөдү. Бул тууралуу мамлекет башчынын өкүлү Андрей Лысенко айтууда. Кечээтен бери Донецктеги Горловка айылында үч жай тургун мерт болду жана эки аскер жараат алды.

Эки тараптан тең ок атышууну токтотуу тууралуу келишимге быйыл февралда эл аралык коомчулуктун катышуусунда кол коюлган болчу.

Жалпысынан, 1,5 жылдан берки согушта курман болгондордун саны 6 миң кишиге жакындады. (RK)

XS
SM
MD
LG