Бишкектин "Алга" футболдук клубу 2016-жылы боло турган Азиянын футбол конфедерациясынын кубогуна тандоо мелдештерин жыйынтыктады. 11-августтан 15-августка чейин Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн оюндарда бишкектик клуб "В" тайпасында Макаонун "Каса Бенфика" жана Бангладештин "Шейх Жамал" клубдары менен ойноду. Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка таянсак, 15-августта "Алга" менен "Шейх Жамал" беттешип, 1:1 эсебинде тең чыгышкан. Бул тең чыгуу бангладештик клубга голдордун айырмасында кийинки айлампадагы оюндарга чыгууга мүмкүнчүлүк түздү.
Буга чейин "Шейх Жамал" оюнчулары "Каса Бенфика" клубундагы атаандаштарын 4:1 эсебинде уткан.
"Алга" футболчулары "Каса Бенфиканы" 2:0 эсебинде жеңген эле. (ECh)