Чүйдө 31-август - Кыргызстандын эгемендик күнүнө карата кезектеги палоо фестивалы өткөнү жатат. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" аны уюштуруп жаткан жергиликтүү тургундар кабарлашты.
Фестивал Аламүдүн айылында өтөт. Иш-чара майрамдык оюн-зоок менен коштолот.
Быйыл үчүнчү ирет уюштурулуп жаткан фестивалдын максаты - улут аралык ынтымакты бекемдөө. Чүйдө 20га жакын ар улуттун өкүлдөрү жашайт.
Буга чейинки фестивалдарга 100-150дөй ашпозчу катышкан.
Кыргызстан эгемен, өз алдынча мамлекет аталганына быйыл 24 жыл болот. (RK)