Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:13

Жаш шахматчылар көл жээгине эл аралык турнирге чогулууда


Шахматты мыкты ойногон балдар бул күндөрү Ысык-Көлдө акыл таймашына чогулууда. 17-22 августта "Тиленбаеванын балдардын шахмат борборунун" кубогу үчүн эл аралык турнир өтөт. Борбордун негиздөөчүсү Бактыгүл Тиленбаеванын бүгүн "Азаттыкка" билдиргенине караганда, ага Кыргызстандан тышкары Казакстан, Орусия жана Тажикстандан 70ке жакын жаш шахматчы катышат.

Таймаштар 6,8,10 жана 12 жаштагылар арасында өтөт.

Эл аралык шахмат федерациясынын (ФИДЕ) инструктору, Кыргызстандын атынан дүйнөлүк чемпионаттарга сегиз жолу катышкан, мыкты шахматчыларды тарбиялап өстүргөн Бактыгүл Тиленбаева быйыл балдар үчүн шахмат борборун ачкан. Борбордо 4 жаштан 14 жашка чейинки 200гө жакын баланы шахматка үйрөтүүгө шарт түзүлгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG