Индонезияда 54 жүргүнчү менен учуп бараткан лайнердин дайыны табылбай жатат. Ички каттамдагы учак бүгүн түшкө маал байланышка чыкпай калганын бийлик өкүлдөрү айтууда. Соңку маалыматтарга караганда, учактын ичинде бараткандардын бешөө экипаж мүчөлөрү, 44ү чоңдор, бешөө балдар.
Айрым маалымат каражаттары Trigana Air Service компаниясына таандык учак Папуа провинциясында тоого урунуп, ичиндегилердин баары мерт кеткенин кабарлап жатышат. (RK)