Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:52

Ош облусунун казысы өз арызы менен иштен бошотулду


Ош облусунун казысы Ниязали Арипов Түркиядан окуп келүү максатында казылык кызматынан баш тартты. Бул тууралуу бүгүн «Азаттыкка» Ош облустук казыятынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, казынын милдетин аткаруучу болуп орун басары Имамаззам Боронов дайындалды.

18-августта аймактардагы казылык кызматтарга сынак болот. Ош облусунун жаңы казысынын аты ошондон кийин белгилүү болот. Облустук казыят райондордогу 280 мечитти көзөмөлдөйт. (YI)

XS
SM
MD
LG