Ош облустук соту экс-мэр Мелис Мырзакматов боюнча сот жараянын бүгүн улантат. Буга чейин Мырзакматовдун жактоочулары Ош шаардык сотунун ага карата өкүмүнүн мыйзамдуулугун кароону суранып, Конституциялык палатага кайрылышкан.
Ош шаардык соту Мырзакматовду мэр болуп турганда эстакада көпүрө курууга 29 миллион сомду мыйзамсыз короткон деген айып менен 22-июлда сыртынан соттоп, үй-мүлкүн конфискациялоо менен жети жылга эркинен ажыраткан.
Мырзакматов өзүнө карата айыпты “саясий куугунтук” деп атап, өлкөдөн чыгып кеткен. Азыр ал эл аралык издөөдө. Бирок күздөгү парламенттик шайлоого карата “Ата-Мекен” партиясынын тизмесине кирген. (SE)