Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:02

Иракта министрлердин үчтөн бири кыскарды


Өкмөт башчы Хайдар ал-Абади мамлекеттеги 33 министрдин арасынан 11 аткаминерди кызматтан алды. Ал муну коррупцияны азайтуунун жана бийликтеги кемчиликтерди тамыры менен жок кылуунун амалы деп сыпаттады. Кызматтан алынган министрлердин катарында үч вице-премьер-министр да бар. Өкмөттүн буйругуна ылайык, жетекчилери иштен алынган министрликтер жакын арада багыттарына жараша биригет.

Өкмөт башчынын коррупцияны азайтуу жана ишти жандантуу боюнча планы 9-августта сунушталган эле. Ал арада мамлекетте өкмөттүн ишине каршы наарызылыктар уланууда. (SE)

XS
SM
MD
LG