Бишкектеги Улуттук филармонияда Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын курултайы өтүүдө. Курултайдын күн тартибинде социал-демократтардын парламенттеги фракция башчысы Чыныбай Турсунбеков акыркы беш жылда жасалган иштер жана алдыдагы максаттар тууралуу баяндама жасайт. Ошондой эле партия тарабынан жүргүзүлгөн иштер жөнүндө кошумча маалыматты ЖК спикери Асилбек Жээнбеков баяндайт.
Анын жыйынтыгында күздө боло турган парламенттик шайлоого карата КСДПнын тизмесиндеги талапкерлер тандалып жарыяланат.
Курултайга Кыргызстандын жер-жерлеринен өкүлдөр чакырылган.(ZKo)