Ишемби күнү борбор калаанын Фучик көчөсүндөгү таштанды салынган челектен азиат улутундагы 30 жаштар чамасындагы эркек кишинин мууздалган башы табылган.
Ага чейин өткөн жумада шаардын башка тарабынан, 5-кичирайондогу таштанды челектен кишинин жиликтелген колу-буту табылган болчу. Аны көрүп калган жарандар милицияга кабарлашкан. Милиция бул окуялар боюнча кылмыш ишин козгоп, соттук-медициналык экспертиза жүргүзүүдө. ИИМдин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаевдин “Азаттыкка” кабарлаганы боюнча, учурда бул окуя боюнча комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлүп, таштанды челектен табылган кол-бут, баштын бир кишиге таандык экени аныкталууда.(ZKo)