Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлү Нурбек Шамыралиев “Азаттыкка” маалымдады.
Жаңы ачылган пилоттук лицей жаштардын радикализмге тартылуусунун алдын-алуу жана диний сабаттуулугун жогорулатуу максатында түзүлдү.
Маалыматка ылайык, учурда окуу жайга тогузунчу классты аяктаган балдар кабыл алынууда. Лицей Ишенаалы Арабаев атындагы мамлекеттик университеттин базасында түзүлдү. Жаңы ачылып жаткан пилоттук окуу жайга жүзгө жакын окуучу кабыл алынат. Кийинки жылдары лицей кеңейтилип, аймактарга дагы ачылуусу мерчемделүүдө.
Лицейде окуучуларга эки жылдын ичинде мектеп программасындагы сабактар, негизги ислам, христиан диндери жана Орто Азиядагы салтуу ислам дини тереңдетилип окутулат. Бүтүрүүчүлөр 11 классты аяктады деген аттестат жана диний багыттагы сертификат алышат. (TSh)