Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:59

Ошто Мырзакматовдун соту башталууда


Аймактык кабарчыбыздын маалыматы боюнча Ош облустук сотунун имаратын ушул тапта 500 чамалуу милиция кызматкери курчап турат. Сот жараянына кирүүнү каалагандар көп, журналисттер да атайын тизме менен киргизилүүдө.

Бүгүн Ош облустук соту Мелис Мырзакматовго Ош шаардык соту тарабынан чыгарылган өкүм боюнча апелляциялык арызды карайт. Сот жараяны саат 16:00 белгиленген.

Ош шаардык соту Мырзакматовду мэр болуп турганда эстакада көпүрө курууга 29 миллион сомду мыйзамсыз короткон деген айып менен 22-июлда сыртынан соттоп, үй-мүлкүн конфискациялоо менен жети жылга эркинен ажыраткан. Мырзакматовдун жактоочулары Ош шаардык сотунун ага карата өкүмүнүн мыйзамдуулугун кароону суранып, Конституциялык палатага кайрылышкан.(YI/ZKo)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG