Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:59

Тянзцзиндеги өрттө көчүрүлгөндөр компенсация талап кылышууда


Куткаруучулар уранды астында калган адамдарды издешүүдө. Тянцзин. 14-август, 2015-жыл
Куткаруучулар уранды астында калган адамдарды издешүүдө. Тянцзин. 14-август, 2015-жыл

Кытайда Тянцзин портундагы жарылуудан кийин көчүрүлгөндөр акчалай компенсация талап кылышууда. 12-августтагы кырсыктан каза болгондордун саны 100дөн ашты, жарадарлар 700дөн көп, 70 кишинин дайыны табыла элек. Шаар бийликтери жарылуу болгон кезде кампада 700 тоннадай уулуу содиум цианид заты сакталып турганын тастыктады. Вице-мэр Хи Шюшан бүгүнкү маалымат жыйынында: "Жардырууда курман болгон жана жабыр тарткан адамдардын суроолоруна жооп берүү үчүн терминалдагы мыйзам бузууларга жол берген фактылар табылар замат, тийиштүү адамдарды жазага тартабыз,”- деп убада кылды.

Тянзцзиндеги катуу жардыруулар менен коштолгон өрттөн кийин 6300гө жакын киши башка жерге көчүрүлгөн. Бирок бийлик уулуу заттар айлана-чөйрөгө жайылган жок деп ырастоодо.

XS
SM
MD
LG