Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:35

Жалал-Абадда «Сушка 2015» акциясы өттү


Шаардын борбордук аянтында адис фотограф жана сүрөт тартууга кызыккандар үчүн “Сушка” акциясы өткөрүлдү. “Иш-чарага катышкан ар бир жаран бир сүрөт ала келип, ал көргөзмөгө коюлду. Көрүүчүлөр жактырган сүрөтүнө илмек менен белги коюп, анын негизинде жеңүүчү аныкталды. Мындан сырткары интернеттеги социалдык түйүндөрдө жарыяланган мыкты фотолор да тандалды. Акциянын жүрүшүндө 600гө жакын сүрөт илинип, анын ичинен 400 социалдык түйүндөрдөн келип түшсө, ал эми 200 фото акциянын көрүүчүлөрү тарабынан илинди. Жалпысынан акцияга 100дөн ашуун катышуучу келди.

Иш-чараны шаардык мэриянын жаштар комитети уюштурган. «Сушка» – бул фото сүрөт алмашуу үчүн уюштурулган эл аралык акция, долбоор алгач ирет 2010 - жылы Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өткөн. Учурда Сушка – фотокыймыл жана дүйнө жүзүндөгү көптөгөн улуттарды бириктирген жарандык бирикме. (RsK)

XS
SM
MD
LG