Базар-Коргон районунун тургуну 22 жаштагы Назгүл Сатарованы жолдошу токмоктоп, белгисиз жайга таштап кеткен. Жабыркаган келин жакындарынын көмөгү менен ооруканага жаткырылган. Бул тууралуу Назгүл Сатарова "Азаттыкка" билдирди. Бирок ошол күнү аны ооруканадан Жогорку Кенештин депутаты Нурбек Мурашовдун жардамчысы Улукбек Мырзамамытов дарыгерлерге чалганынан улам чыгарып ташташкан. Учурда ал укук коргоочулардын кийлигишүүсү менен кайрадан ооруканага жаткырылды.
Райондук ИИБнын тергөөчүсү Жаныбек Абылкасымов келинге соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгы менен аракет көрөрүн билдирди. Бул жагдайды "Кылым шамы" адам укугун коргоо борбору да иликтөөгө алды.(RsK)