Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы акыркы күндөрү тармакта жүргүзүлүп жаткан реформа боюнча бүгүн коомчулукка маалымат берет. Бул тууралуу “Азаттыкка” муфтийдин орунбасары Замир ажы Ракиев билдирди. Ушул тапта кадр алмашуу жараяны жүрүп жатат. Адистер аттестациядан өтүп, казыяттарда текшерүүлөр болууда.
Өткөн жумада Ош облусунун казысы жумуштан бошотулган. Ал муфтият менен Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия негизсиз текшерүү жүргүзүп жатканын айткан эле. Кийинчерээк Түркиядан окуп келүү максатында кызматын тапшырганын билдирген.
18-19-август күндөрү Баткен, Ош, Ысык-Көл, Нарын, Чүй облусундагы казылык кызматтарга сынак болот. Башка аймактарда өткөрүлүүчү сынактын мөөнөтү кийинчерээк аныкталат. (SE)