Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:08

Өзбекстанда согушкер деп шектелген аялдар издөөдө


Издөөгө алынган эки аялдын фотороботу.
Издөөгө алынган эки аялдын фотороботу.

Өзбекстан бийлиги Фергана өрөөнүндөгү шаар-кыштактарда коопсуздук чараларын күчөтүп, согушкер деп шектелген эки аялды издей баштады

Алар 17-август күнү Риштан районундагы эки үйгө бастырып киргени айтылууда. Кечетен бери районду тартип сакчылары курчап турат. Кыргызстан жана Тажикстан менен чек арадагы постторго кошумча күч жөнөтүлдү.

Согушкер-жанкечти экени болжолдонгон аялдардын фотороботу даярдалып, издөөгө алынды. Милициянын жарыясында эки аялдын тең белинде жардыргыч зат орнотулган кур бар экени, ошондой эле Ф-1 үлгүсүндөгү граната жана тапанча  менен куралданганы жазылган. (SE)

 

XS
SM
MD
LG