Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:21

Таиланддагы жардыруудан жыйырмадан ашуун адам мерт кетти


Жардыруу өлкө борбору Бангкок шаарында индустар сыйынуучу Эраван деп аталган имаратка жакын жерде, мейманканалар жайгашкан аймакта 17-август күнү кечке жуук болду. Окуяга жоопкерчиликти азырынча эч бир топ өзүнө ала элек.

Өлгөндөр саны расмий эсепте 21 экени айтылууда. Бирок жергиликтүү басылмалар 27 адам көз жумганын жазып жатышат. Жараат алгандар жүздөн ашат.

Элинин негизги бөлүгүн буддисттер түзгөн Таиланд өкмөтү мамлекеттин чыгышындагы исламчыл-козголоңчуларга каршы күрөш жүргүзүп келет. Бирок согушкерлер түштүк аймактан башка жерлерге дээрлик кол салышчу эмес.

Таиландда соңку он жылдан бери ар түрдүү саясий топтор ортосунда бийлик үчүн күрөш кызуу күч алган. Буга чейин да майда жардыруулар болуп, андан негизинен имараттар зыян тарткан.

Мамлекет 2014-жылдан бери аскерлердин көзөмөлүндө. (SE)

XS
SM
MD
LG