Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:51

Күйөөсүн жиликтеп өлтүргөн келин Медакадемия студенти экени айтылууда


Бишкекте дене мүчөлөрү кесилип, аеосуз мыкаачылык менен өлтүрүлгөн жарандын аялы кылмышка шектүү катары кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат катчысы Олжобай Казабаев “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтуусунда, үй-бүлө ортосундо чыр чыгып, аялы күйөөсүн жиликтеп салган. Тергөөнүн ыкчам маалыматы боюнча, кылмышка шектүү келин Медициналык академиянын студенти. Ал убактылуу кармоочу жайга камалды.

17-августта шаардагы таштанды челектен эркек адамдын башы жана башка дене мүчөлөрү табылган. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери улантылууда. (UEz)

XS
SM
MD
LG