Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:50

Казакстанда кармалган күйүүчү май Кыргызстанга келди


Казакстандын “Луговое” темир жол бекетинде кармалып турган күйүүчү май ташыган вагондор толугу менен Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер бирикмесинин аткаруучу директору Улан Кулов билдирди. Анын айтуусунда, күйүүчү май ташыган казактын ортомчу компаниялары сот чечиминин негизинде айыппул төлөп, 1,5 жылдан бери кармалып турган вагондордун башын бошотушкан.

Орусиядан Казакстан аркылуу Кыргызстанга ташылып келаткан 448 вагон күйүүчү май “Луговое” темир жол станциясында 2014-жылдын 18-апрелинен бери кармалып турган. Казакстандын бажысы 30 миң тоннага жакын күйүүчү майдын документи толук эмес деген жүйөө келтирген. Кыргыз бийлиги вагондорду өткөрүү боюнча Назарбаевге чейин кайрылган, бирок эч кандай майнап чыккан эмес. (UEz)

XS
SM
MD
LG