Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:17

Бирдиктүү мектеп формасы жоюлду


Бул тууралуу “Азаттыкка” билим берүү жана илим министри Элвира Сариева билдирди. Анын айтуусунда, буга чейин кабыл алынган бирдиктүү мектеп формасына нааразы ата-энелер көп болгондуктан ушундай чечим алынды.

- Өкмөттүн мектеп формасынын төрт түстөгү стандарты туурасында азыркы токтомуна ылайык, министрлик ар бир мектепке кат жиберди. Мектеп жетекчилери менен ата-энелер сүйлөшүп, 30-сентябрга чейин бир форманы тандашы керек. Тагыраак айтканда, ошого чейин эркин формага уруксат берилет, - деди Сариева.

Билим берүү жана илим министрлиги тандалып алынган бирдиктүү форманын үлгүсүн коомчулукка былтыр 1-июлда жарыялап, аны окуучулар 2015-2016 окуу жылынан баштап милдеттүү түрдө киерин маалымдаган. Анда министрлик муну социалдык теңсиздикти жоюу максаты менен түшүндүргөн болчу. (AiA)

XS
SM
MD
LG