Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:51

БУУнун Коопсуздук кеңеши Сирия боюнча жаңы планды жактырды

Сирия боюнча акыркы эки жылдагы алгачкы саясий билдирүүсүндө БУУнун Коопсуздук кеңеши жаңы тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүүнү сунуш кылды.

БУУнун жаңы демилгеси кеминде 240 миң адамдын өмүрүн алып, дүйнөдөгү эң оор гуманитардык кризисти жараткан согушту токтотуу аракетинде Орусия, АКШ, Сауд Аравия жана Иран дипломатиялык иштерди активдештирген учурга туш келди.

Коопсуздук кеңешинин 16 пункунттан турган билдирүүсү Франция тарабынан даярдалып, БУУнун чабарманы Стеффан де Мистура өткөн айда тынчтык сүйлөшүүлөрү боюнча жаңы сунуштарды бергенден бери талкууланып жаткан.

Жаңы план сентябрдан тарта ишке кирип саясий, укуктук, коопсуздук, терроризмге каршы күрөшүү, кайра куруу иштерин талкуулоо үчүн атайын жумушчу топтор түзүлүүсү керек.

БУУнун жаңы демилгеси боюнча Сирияда аткаруу бийлигине толук ээлик кылган өткөөл өкмөт дагы куралуусу абзел.

Коопсуздук кеңешинин билдирүүсүндө президент Башар Асаддын саясий келечеги боюнча эч нерсе көргөзүлгөн эмес, бирок Батыш өкмөттөрү буга чейин Сириядагы өткөөл саясий жараяндын кайсыл бир баскычында ал бийликтен кетүүсү зарылдыгын ачык айтышкан. (UE)

XS
SM
MD
LG