Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:45

Мырзакматовдун тарапкерлери мөөнөтсүз митингге даярданышууда


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Улуттар Биримдиги” саясий партиясынын түштүк аймагы боюнча штабынын башчысы Абжапар Аккулов билдирди.

"Мырзакматовго карата сот чечими мыйзамсыз кабыл алынды. Ага нааразылык иретинде “Улуттар биримдиги” партиясы жер-жерлерде мөөнөтсүз митингдерди өткөрүүнү пландап жатат», - деди Аккулов. Бирок нааразыяылык акциялары кайсы күнгө белгиленгени азырынча белгисиз.

Ош шаардык соту Мырзакматовду мэр болуп турганда эстакада көпүрөнү курууга 29 миллион сомду мыйзамсыз короткон деген айып менен 22-июлда сыртынан жети жылга соттоп, үй-мүлкүн конфискациялоо чечимин чыгарган. Мырзакматовдун жактоочулары Ош шаардык сотунун ага карата өкүмүнүн мыйзамдуулугун кароону суранып, Конституциялык палатага кайрылышкан.

Бирок 17-августта Ош облустук соту Мелис Мырзакматов боюнча шаардык соттун өкүмүн карап, аны өзгөртүүсүз калтырган болчу. (YI)

XS
SM
MD
LG