Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:25

Бишкек четинде мыйзамсыз курулган турак-жайлар мыйзамдаштырылбайт


Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, шаарды айланта курчаган жаңы конуштарда 6178 турак-жай уруксат берилбеген, кооптуу аймактарга курулган:

-Менимче, мыйзамдаштырууга бара албайбыз. Анткени, биз мыйзамды сыйлашыбыз керек. Анткени, ушул тапта 1985-жылдан бери шаардан үй курууга жер участогун алуу үчүн кезекке тургандар бар. Аларды да сыйлашыбыз керек. Эгер биз бүгүн мыйзамдаштырууга кетсек, жери жок шаар тургундары да басып алса кандай болот, анда акыбал азыркыдан да жаман болот.

Бишкектин айланасында 50 чукул жаңы конуш жайгашкан. Алардын ичинде “Ак-Ордо-2” жаңы конушунда 2-ТЭЦтин аймагына тургузулган 500 ашуун үй, "Алтын-Казык" жаңы конушунда шаардык таштандынын ичине салынган үйлөр, Токмок-Алматы газ куурунун түбүнө тургузулган үйлөр болуп, жалпысы 6178 турак-жай мыйзамсыз.

Борбор калаанын айланасында алгачкы жаңы конуштар 1989-жылдан тарта түшө баштаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG