Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:26

Жохар Царнаев жаңы сот жараян өткөрүүнү суранды


Жохар Царнаев сотко алынып келинген учур. 23-март, 2015-жыл.
Жохар Царнаев сотко алынып келинген учур. 23-март, 2015-жыл.

АКШда Бостон марафонундагы жардыруу боюнча өлүм жазасына кесилген Жохар Царнаев жаңы сот жараянды бул шаардан башка жерде өткөрүүнү суранууда.

Царнаевдин адвокаттарынын ырастоосунда, 2013-жылдын апрелиндеги жардыруулардан кийин Бостондо өкүм сүргөн абалдан улам сот арачылары Жохар Царнаевдин иши боюнча обьективдүү көз карашты билдире алган жок.

Адвокаттар сот аткаруучулардын турумуна таасир берген жагдайлар катары Бостондо жардырууда курман болгондору эскерүү максатында утур-утур өткөрүлгөн коомдук иш чараларды, шаарда орнотулган баннерлер жардыруунун курмандыктары менен тилектештикке чакырышканын, сот арачыларынын социалдык түйүндөрүндөгү даректерине келген каттарды аташкан.

Быйыл 15 –майда сот арачылар улуту боюнча чечен жана 21 жаштагы Жохар Царнаевди Бостон марофонундагы жардыруулар үчүн күнөлүү деп тапкан. Кийинчерээк ал сот чечими менен өлүм жазасына кесилген. (UE)

XS
SM
MD
LG