Араван районундагы Төө-Моюн айыл аймагында 6 миң гектар какыр жер союз убагында өздөштүрүлө баштаган. Учурда бул жерде сугат суусу литрлеп сатылат. Күн бою токтоосуз агып турган бир литр суунун басы төрт тыйындан тогуз тыйынга чейин жетет. Ушундай баа менен эсептегенде бир гектар жерди бир жыл бою сугаруунун баасы 700-1500 сомго барат.