Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, шаардык сот аталган ишти караган райсоттун судьясын чакыртып алуу тууралуу жактоочулардын өтүнүчүн канааттандырган.
Ушул себептүү ишти 25-августта Октябрь райсотунун судьясы Кымбат Архарова карайт. 2014-жылдын 3-ноябрында Башкы прокуратура ошол кездеги депутат Урмат Аманбаевага коррупция беренеси боюнча иш козгогон.
Кылмыш ишине байланыштуу мандатынан ажыратылган депутат Аманбаева парламенттик шайлоого "Бүтүн Кыргызстан Эмгек" партиясы менен 12-орунда аттанып жатканы белгилүү болду.(UEz)