Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:32

Ирактын мурдагы премьери Мосул боюнча айыпты четке какты


Ирактын мурдагы премьери Нури ал-Малики/
Ирактын мурдагы премьери Нури ал-Малики/

Нури ал-Малики бүгүн парламенттин баяндамасын четке какты. Анда былтыр Мосул шаары “Ислам мамлекети” тобунун колуна өтүп кеткени үчүн өкмөттүн жана армиянын ондогон жетекчилерин сот жообуна тартуу сунушу айтылган эле.

Мурдагы премьер Нури ал-Малики бүгүн парламент баяндамасындагы тыянактарды “эч баалуулугу” жок деп атап, Мосул согушкерлер колуна өтүшүн “Анкарада пландалып, анан Ирбилге көчкөн кутумдун натыйжасы”,- деп ырастады. Ирбил - Ирактагы күрд автономиясынын борбору.

Ирактын парламенти өз иликтөөсүнүн негизинде даярдалган баяндамада айтылгандар боюнча укуктук чара көрүү жагы Башкы прокуратурага кечээ тапшырган.

“Ислам мамлекети” тобу Ирактын түндүгүндөгү Мосул шаарын 2014-жылдын июнь айынан бери ээлеп турат. (UE)

XS
SM
MD
LG