Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:29

Жарандык коом өкүлдөрү шайлоо окууларын баштады


“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы парламенттик шайлоого көз карандысыз байкоо жүргүзүү боюнча жарандык активисттер менен иштешүү максатында окууларды өткөрө баштады. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган уюмдун жетекчиси Динара Ошурахунова билдирди.

Окуулар шайлоо күнкү жараянга көз салуудан сырткары, үгүт иштеринин жүрүшүн, биометрикалык маалыматтардын негизинде добуш берүүнүн өзгөчөлүгүн байкоо жаатында да болмокчу. Ошондой эле коалиция адистери партиялардын тизмесиндеги фамилиялар үчүн эмес, идея үчүн добуш берүү зарылдыгы жөнүндө да жарандарга кеп-кеңештерди айтышат.

Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрга белгиленген. (SE)

XS
SM
MD
LG