Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:43

Нарын шаарында ар бир үчүнчү тестиер гана бала бакчага барат


Нарын шаарында 6 мамлекеттик, 2 ведомстук жана бир менчик бала бакча бар. Калаада мектепке чейинки тестиерлердин 5 миңден ашык баланын үчтөн бири гана бала бакчага барат. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Абдраимакунова билдирди.

- Нарын шаарындагы мамлекеттик мекемелер жайгашкан 3 имаратты кайтарып алуунун үстүндө иштер аткарылбай, бала бакчага болгон муктаждык өтө курч болуп жатса да, Нарын шаардык мэриясы тиешелүү деңгээлде аракеттерди көрбөй келет, - дейт Абдраимакунова

Облус боюнча мурдагы бала бакчалардын ичинен 28 имарат кайтарымсыз менчиктештирилип кеткен. Кайтарып алууга тийиш болгон 12 имараттан тогузу кайра мамлекеттин карамагына өткөн. (MiK)

XS
SM
MD
LG