Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:26

Азимбек Бекназаров, Исмаил Исаков “Азаттык” партиясындагы алдыңкы бештикте


Исмаил Исаков жетектеген “Азаттык” партиясы талапкерлерин тактады. Партия бүгүн өткөн курултайында парламенттик шайлоого 150 жакын талапкер сунуштады.

Тизмени Исмаил Исаков баштап, алдыңкы бештикке Артур Медетбеков, Байтемир Ибраев, Бөдөш Мамырова жана Азимбек Бекназаров кирди. Кийинки орундарда Равшан Сабиров, Турсунбай Бакир уулу, Курманбек Осмонов, Мамбетжунус Абылов, Рамазан Дырылдаев, Нарын Айып, Эсенбай Нурушев жана башкалар бар.

Буга чейин КСДП, “Ата Мекен”, “Республика Ата-Журт”, “Бир Бол”, “Ар-намыс”, “Кыргызстан”, “Өнүгүү-Прогресс” жана “Мекен Ынтымагы” партиялары курултайларын өткөрүп, тизмелерин жарыялашкан. Парламентик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 11 партия ат салышары күтүлүүдө.

"Азаттык" партиясынын "Азаттык" радиосуна тиешеси жок. (UEz)

XS
SM
MD
LG